Акымбек Абдыкалыков

Негизинен мындай сыноолор ачык жана айкын болушу керек, илим тармагында жана жер титирөөгө туруктуу курулуш тармагында бири-бирибизди колдошубуз керек. Бул технология боюнча мындай эксперименттерден кийин эки жана үч кабаттуу имараттарды коркпой курууга болот. Бул турак-жай, өнөр жай жана спорт объектилери болушу мүмкүн. Сиздерди чын жүрөктөн куттуктайм, мындан аркы ачылыштарды каалайм!