Кемин шаарындагы кенен заманбаб кафе

Коомдук тамактануу ишканалары атайын долбоорлоону талап кылат. Мындай профилдеги конструкциялардын жана имараттардын өзгөчөлүгү ишкерлердин келечектеги пландарынан жана иш жүрүшүнөн келип чыгышы керек. Мына ушул кесипкөй, деталдуу ыкманы Karkas.KG өз кардарларына сунуштайт. Келечектеги имаратты долбоорлоодо биз кардарлардын суроо-талаптарын жана каалоолорун, аймагын, рельефтерин, климаттык шарттарын эске алабыз жана ушундай жол менен гана профилдик конструкциянын идеалдуу аткарылышына кепилдик беребиз. Кафе үчүн мындай имарат 100% сарамжалдуу болот жана анын ээлерине бизнестен максималдуу киреше алууга мүмкүндүк берет, ошол эле учурда жаман аба ырайынан да, жер титирөөдөн да ишенимдүү башпаанек болуп калат.

Кафе үчүн ушундай сапаттуу имаратты ишке ашыруунун мисалдарынын бири катары Каркас.KG тарабынан Кемин шаарындагы имараттын (ЛСТК-дан жасалган) курулушунун бүткөрүлгөн буйрутмасы саналат. “Керемет” кафеси бир нече жылдан бери иштеп келе жатат жана долбоорду толугу менен актап, биздин компаниянын бардык кызматкерлери тарабынан мамиленин сапатын, өз ишин аткарууну далилдейт. Бул жерде пайдалуу аянтты колдонуу, көтөргөн конструкцияларга жүктү бөлүштүрүүнүн сабаттуулугу, эргономика жана энергияны үнөмдөө, коммуникациялрга ыңгайлуулугун туура эсептөө каралган. Долбоор келишимде бекитилген кыска мөөнөттө, сапат кепилдиги менен жана эң ылайыктуу, жеткиликтүү баада курулду!

Сандардагы проект

0
Бөлмө
0
Аянты - кв.м
0
Курулуш убактысы

Scott Steel программасы боюнча долбоор

Курулуш процесси

Кызыгып жатасызбы?!

KARKAS.KG кызматкери долбоор боюнча бардык суроолоруңузга жооп берип, келечектеги үйүңүздүн баасын эсептеп берет